Кыргыз-түрк «манас» университети табигый илимдер институту өсүмдүктөрдү коргоо багыты
- Global styles
- Apa
- Bibtex
- Chicago Fullnote
- Help
Abstract
Бул дипломдук иштин максаты күнөскана бадыраң өстүрүүдө көйгөй жараткан патогендерге каршы биофунгуциддерди колдонуу саналган. Дипломдук иш 2016-2018–жылдар арасында Айыл чарба факультетинин, Өсүмдүктү коргоо бөлүмүнүн фитопатология лабораториясында жана Кыргызстандын Чүй аймагында жайгашкан Арча-Бешик жаны конушунда, Маевка айылында жана К.И. Скрябин атындагы Кыргыз Улуттук Агрардык Унивесритеттинде жайгашкан күнөсканаларда тажрыйбалар жүргүзүлдү. Жалпы 5 күнөсканадан өсүмдүк үлгүлөрү алынды. Бул максатка жетүү үчүн F. oxysporium, V.arboatrum, R.solani, Alternaria cucumerina, C. graminicola козгогучтарын бөлүп алдык жана аларга каршы лабораториялык коллекциядагы Pr-3 Streptomyces bambergiensis; C1-4 Streptomyces sp, штаммарын жана Trichoderma ignorium биофунгуцидин 3 жол менен: үрөөндү чылоо, тамырга берүү жана чачыратуу ыкмалары менен текшерилди. Тамырга берүү жана илдеттин белгиси байкалган мезгилде чачыратуу бадыраңдын топурак үстүнкү жана топурак алдындагы органдарын натыйжалуу коргойт деген жыйынтыкка келдик. Биофунгуцидин таасири илдет козгогучка жараша ар түрдүү болду. Pr-3 Streptomyces bambergiensis штаммы жана Trichoderma ignorium биоагенти Fusarium oxysporium үчүн 75% ал эми Verticillium arboatrum үчүн 60% Colletotrichum graminicola илдет козгогучун 45% га өсүүсүн басаңдатаары аныкталды. С1-4 штаммы Streptomyces sp. илдет козгогучтар Rhizoctonia solani жана Alternaria cucumerina үчүн антагонистик активдүүлүгү 80% экендиги аныкталды.Изилдөөлөрдүн жыйынтыгында биологиялык активдүү штаммдарды канча viiiөлчөмдө жана кандай жолдор менен иштетүүнүн оптималдуу варианты иштелип чыкты. Күнөсканага отургузаардан мурда үрөөндү 2 саат чылоо, андан кийин 2 жума аралыгында кайрадан тамырга берүү, тамыр чирик козгогучтарынан натыйжалуу коргойт. Ал эми илдеттин белгилери байкалганда чачыратуу - бул күнөскана шартында бадыраңды өстүрүчүлүктөгү көйгөй жараткан козу карындык илдет козгогучтар менен күрөшүүдө эффективдүү жана химиялык жол менен күрөшүү чараларынын алтернативдик жолу катары эсептелет.Aчкыч сѳздѳр: Streptomyces, тамыр илдеттери, биоагент, Fusarium oxysporium Bu tez çalışmasında, seralarda hıyar yetiştiriciliğinde sorun olan hastalık etmenlerine karşı biyofungusit ürünlerinin kullanım olanaklarını ele alınmıştır. Denemeler, 2016-2018 yılları arasında Kırgızistan'da, KTMÜ Ziraat Fakültesi Bitki Koruma bölümü fitopatoloji laboratuarında ve Çüy bölgesindeki Arça-beşik, Maevka köylerindeki seralarda ve Kırgız Milli Tarım Üniversitesinin sera koşullarında yürütülmüştür.Seralarda hıyar yetiştiriciliği Kırgızistan'da 2015 yılı verilerine göre toplamda 65 hektar olup, en çok Oş ve Çüy bölgelerinde yapılmaktadır. 2016 yılında ise bu 126,7 hektar alana yükselmiştir. Tarım Bakanlığı sera alanlarının artmasına yönelik çalışmalar yaparak, bu sayının 1000 hektar alana ulaşmasını hedeflemiştir.Çalışma sonucunda, seralarda yaygın olan bulunan, F. oxysporum, Rhizoctonia spp., ve Alternaria cucumerina hastalık etmenleri izole edilmiştir. Bu izole edilen hastalık etmenlerine karşı laboraruvarda saklanan С1-4, ПП-3, К/К. 1К, К/б, 3К ve Рч-3 Streptomyces izolatlarının etkinliği denenmiştir.PatojenlerUygulamalarAlternaria cucumerinaRhizoctonia spFusarium oxysporum SchlechtKontrol altına alınan bölge (mm)Difenoconazole
Collections