Молдо кылычтын чыгармачылыгынын совет доорундагы жана эгемендүүлүк жылдардагы изилдениши
- Global styles
- Apa
- Bibtex
- Chicago Fullnote
- Help
Abstract
Аталган магистрдик иш эки бөлүмдөн турат. Биринчи бөлүм: Молдо Кылычтын чыгармачылыгынын совет доорундагы изилдениши. Экинчи бөлүм: Молдо Кылычтын чыгармачылыгынын эгемендүүлүк жылдарындагы (алгачкы жана бүгүнкү күндөгү) изилдениши.Биринчи бөлүмдө: акындын өмүрү жана чыгармачылыгы жөнүндө кыскача билдирүү берилди. Андан соң, Советтик мезгилдин алгачкы жылдарындагы адабий мурастарды жыйноо, жарыялоо долбоорунун алгачкы түшүмү – Т. Саманчиндин «Кылыч – жазуучу акын» кандидаттык диссертациясына көңүл бурулду. Бул монография Кылычтын өмүрүн, чыгармачылыгын жана ыр түзүлүштөрүн үйрөнүүдө негизи маалымат булагы катарында колдонулду. Артынан эле акынга жана аны изилдөөчүлөргө коюлган күнөө, анын себептери, чын-төгүнү, актаган кайра жокко чыгарылган токтомдордун эмненин негизинде жазылгандыгы тууралуу тактык жаратууга аракет жасалды. Молдо Кылычтын мурастарынын кайра калыбына келтирилиши, кайра куруу жылдарындагы адабиятчы, сынчылардын акындын чыгармачылык тагдыры жөнүндө жазылган дурус, буруш макалаларына анализ, ушул бөлүмдө орун алды.Экинчи бөлүм: Молдо Кылычтын чыгармачылыгынын эгемендүүлүк жылдарындагы изилдениши. Ишибиз так жана ирээттүү болсун үчүн, макалалар, илимий эмгектер жылына жараша төмөндөн жогору карай колго алынды. Бардык акынга арналган илимий жыйнактардын ичинен эң маанилүү деп эсептелген тактап айтканда кайчы пикир жараткан, же болбосо өзгөчө изилденген эмгектерди талдоого аракет жасадык. Талдоо мезгилинде Молдо кылычтын чыгармачылыгына советтик мезгилдеги адабиятчы, сынчылардын эгемендүүлүккө ээ болгондон кийинки заманга жараша көз-караштарында өзгөрүүлөр, толуктоолор, жаңылыктар болдубу ушуга көңүл бурулду. Кылычтын 1991-жылы О.Соороновдун талыкпас эмгеги менен түзүлгөн «Казалдар» жыйнагындагы ар бир чыгармасына жеке көз-караш менен семантикалык жана Молдо Кылычтын чыгармачылыгынын ыр түзүлүшүн аныктоо боюнча «Бүркүттүн тою» казалына фонетикалык талдоо жүргүзүлдү.Магистрдик диссертациянын структурасы, максаты, жаңычылдыгы, актуалдуулугу, мааниси тууралуу маалымат кириш сөз бөлүмүндө берилди.Бул чакан магистрдик иш далилдерге, фактыларга таянат, жана ошондой эле илимий, так маалыматтардын негизинде илимий ыкма менен жазылды. Bu çalıĢma iki bölümden oluĢmaktadır. Birinci bölümde Moldo Kılıç'ın eserleri hakkında Sovyetler Birliği döneminde, ikinci bölümde ise Kırgızistan'ın bağımsızlığından itibaren günümüze kadar yapılan araĢtırmalar üzerine değerlendirmelere yer verilmiĢtir.Birinci bölümde, Moldo Kılıç'ın hayatı, sanat yolu ve edebî kiĢiliği hakkında kısaca bilgi verildi. Bu bilgiler daha önceden mevcut olan kaynaklar esas alınarak yazıldı. Tazabek Samançin tarafından, kalem sahibi (Ģiirlerini kâğıda döken) yazarlardan Kılıç hakkında yapılan ilk ilmî çalıĢma olan ―Kılıç – Cazuuçu Akın‖, Sovyetler Birliğinin ilk dönemlerinde halk edebiyatını derleme, inceleme ve yayımlama anlamında da ortaya konan ilk eserlerdendir. Moldo Kılıç'ın eserlerinin okunmasını, araĢtırılmasını yasaklayan devlet kararlarının ne sebeple çıkarıldığını ele alan incelemeler de bu bölümde yer almaktadır. Sovyetler Birliğinin son dönemlerinde, edebî mirasların yayımlanmasını yasaklayan kararların iptal edilmesinden sonra Moldo Kılıç hakkında yazılan makaleler ve araĢtırmalar üzerine yapılan incelemelere, bu bölümün sonunda yer verildi.Ġkinci bölümde, Moldo Kılıç'ın edebî kiĢiliği ve eserleri hakkında bağımsızlık sonrası dönemin ilk günlerinden günümüze kadar yazılan en önemli makaleler yayım tarihine göre sırasıyla ele alındı. Edebiyatçı ve tenkitçilerin makalelerinde ortaya koydukları ortak ve zıt fikirlere yer verildi ve bazı araĢtırmacıların değiĢen fikirleri kıyaslanarak tahlil edildi. Moldo Kılıç'ın 1991 yılında yayımlanan ―Kazaldar (Gazeller)‖ isimli kitabında yer alan herbir Ģiirinde ne anlatmak istediğini, kendi ifade ve düĢüncelerimize göre incelemeye gayret ettik. Bununla birlikte ―Bürküttün Toyu (Kartalın ġöleni)‖ isimli gazel temel alınarak, eserde yer alan Ģiirler Ģekil açısından incelenmeye çalıĢıldı. ġairin sanatsal yönünü geniĢ bir Ģekilde ele almak, gazellerinin okuyucuya estetik haz veren anlamını ve eserlerinin tarihi önemini daha iyiaçıklamak amacıyla, KeneĢbek Asanaliyev, Abdıganı Erkebayev, Layli Ükübayeva, Omor Sooronov, Munduk Mamırov gibi edebiyatçılar tarafından kaleme alınan makaleler hakkında bu bölümde genel bir bilgi verildi. Konunun amacı, güncelliği ve önemi hakkında ise ―GiriĢ‖ kısmında bilgi verildi.
Collections