Кыргыз фольклорундагы афористикалык жанрларды этнопедагогикалык негизде сыпаттоо
- Global styles
- Apa
- Bibtex
- Chicago Fullnote
- Help
Abstract
Изилдөөбүз кыргыз фольклорунда афористикалык каражаттарды талдоо, алардын этнопедагогикалык маанисин жана функциясын ачып берүү жана афористикалык жанрлардагы негизги идеяларды сыпаттоону көзөмөл тутат. Коюлган максат теориялык-практикалык, социологиялык, педагогикалык усулдар, фольклордун жана этнопедагогиканын теориясы боюнча адабияттарды окуп үйрөнүү, фольклордук тексттерди анализдөө, салыштыруу, илимий жалпылоо, жыйынтык чыгаруу, жалпы корутундулоо аркылуу аткарылган.Изилдөөнүн илимий жаңылыгын «афористтик педагогика» салттуу таалим-тарбиянын «афористтик каражаттары» дефиницияларын айкындоо, тактоо; кыргыз фольклорундагы афористтик чыгармаларды этнопедагогикалык электен паремияларды когнитивдик-педагогикалык «электен» өткөзүү жана аларды таалим-тарбиянын каражаты катары сыпаттоо; афористтик чыгармалардагы педагогикалык идеялардын потенциялын мазмундук тематикалык аспектте талдоо түзөт Диссертация киришүүдөн, эки главадан, корутундудан, колдонулган адабияттардын тизмесинен жана тиркемеден турат.Биринчи бап «Салттуу тарбияда афористикалык каражаттардын функциялары» деп аталып, бул бапта афористикалык каражаттар жана алардын жанрдык жиктери жөнүндө маалымат берилген. Ошону менен бирге алардын педагогикалык функциялары аныкталып, өз ара байланыштары чечмеленген.Экинчи бап «Кыргыз фольклорунун афористикалык жанрларындагы педагогикалык идеялардын негизги багыттары» - деп аталып, мында эмгек, чыныгы адам, этика, акыл, билим жана экологиялык тарбия темасынын афористикалык чыгармаларда алган орду талдоого алынган.Жүргүзүлгөн изилдөөнүн натыйжасы, анын корутундусу практикалык мааниге ээ жана педагогикалык ишмердүүлүктүн ар кыл учурларында кеңири пайдаланса болот. Araştırmamızda kırgız folklorundaki kalıplaşmış öğeleri araştırmayı, onları etnopedagojik yönden betimlemeyi, fonksiyonunu ve kalıplaşmış öğelerdeki temel fikirleri betimlemeyi amaçlamıştık. Araştırma teorik ve uygulamalı, toplumsal, eğitimbilimsel yöntemleriyle araştırılmıştır. Bunun yanısıra folklorun ve etnopedagojinin teorisiyle ilgili edebiyatları okuyarak, folklor metinleri eleştirerek, karşılaştırarak, sonuç çıkararak yapılmıştır.Araştırmanın ilmi gelişmesi ‗özlü sözlü eğitbilimi' geleneksel eğitimin ‗kalıplaşmış öğelerini' belirtmek; kırgız folkloründe kalıplaşmış öğeleri etnopedagojik yönden ve bilişsel eğitim açısından irdelemek, onları eğitimbilimin öğesi olarak betimlemek; kalıplaşmış öğelerdeki eğitimbilimsel düşüncelerin potansiyelini, anlamsal tematik açıdan araştırmaktır.Araştırma giriş, sonuç olarak iki bölümden, sonuç ve ekten oluşur.Birinci bölüm ‗Geleneksel eğitimde kalıplaşmış öğelerin fonksiyonları' diye adlandırılarak, bu bölümde kalıplaşmış öğeler ve onların türleri hakkında bilgi verilir. Bununla birlikte onların eğitimbilimsel fonksiyonları belirlenerek ilişkileri açıklanmıştır. İkinci bölüm ‗Kırgız Folklorünün Kalıplaşmış Öğelerindeki Temel Eğitimbilimsel Düşünceleri' olarak adlandırılıp bu bölümde emeğin, yetişkin insanın, etiğin, aklın, ilmin ve doğanın eğitimdeki yeri araştırılmıştır.Araştırma sonucu pratik anlama sahiptir ve eğitimbilimsel alanda kullanılabilir.
Collections