Чыңгыз айтматовдун чыгармаларындагы миф жана легендалардагы этнопедагогикалык идеялар
- Global styles
- Apa
- Bibtex
- Chicago Fullnote
- Help
Abstract
Изилдөөнүн предмети –Ч. Айтматовдун чыгармаларындагы мифтер жана легендалардын этнопедагогикалык идеялары.Изилдөөнүн максаты – Ч. Айтматовдун миф жана легендаларындагы таалим-тарбия идеяларын кыргыз элинин салттуу педагогикалык маданиятынын өткөнү, бүгүнкүсү, эртеңи менен тутумдаш контекстте, айкалышта ачып көрсөтүү.Диссертациялык изилдөөнүн курамы киришүүдөн, эки главадан жана алардан келип чыккан корутундулардан, библиографиядан, жалпысы 124 беттен турат.Биринчи глава «Ч. Айтматовдун чыгармаларындагы миф жана легендаларды этнопедагогикалык булак катары изилдөөнүн теориялык өбөлгөлөрү» деп аталып, анда көркөм сөз өнөрүнүн түптүү салаасы болгон фольклордун тарбиялык табияты, көркөм жазма адабияттын этнопедагогикалык таанымдык потенциалы, Ч. Айтматовдун элдик педагогикалык мурастарды сактоо жана таанытуудагы ролу талдоого алынган.Экинчи глава «Ч. Айтматовдун чыгармаларындагы миф жана легендалардын тарбиялык идеялары» деп аталып, анда жазуучунун чыгармаларындагы бир катар миф, легендалардагы тарбиялык идеялардын мазмуну ачыкталган жана алардын элдин салттуу педагогикалык маданиятынын тарыхы, бүгүнкүсү жана эртеңкиси менен болгон байланыштары кеңири талдоого алынган. Диссертацияда Ч. Айтматовдун чыгармаларындагы миф жана легендалар алгач ирет этнопедагогикалык изилдөөнүн предметине айланды. Изилдөөбүз айтматовтаануу илимине аз да болсо салым болуп эсептелет. Yüksek Lisans Tezi olarak hazırlanan bu çalışmada C. Aytmatov'un eserlerindeki mit ve efsanelerin etnopedagojik düşünceleri incelenmiştir.Tezin amacı, C. Aytmatov‟un mit ve efsanelerindeki eğitim düşüncelerini Kırgız halkının geleneksel eğitimcilik kültürünün geçmişi, bügünü, yarını ile bağlantılı alıntıda, ilişkide göstermek.Çalışma Giriş, İki Bölüm ve bunlardan elde edilen sonuçtan, kaynaklarlar listesinden, toplam 124 sayfadan ibarettir.Birinci Bölüm `C. Aytmatov'un Eserlerindeki Mit ve Efsaneleri Etnopedagojik Kaynak Olarak Araştırmanın Teorik Temelleri` başlık altında olup, bunda edebi söz sanatının derin temeli olan folklorun eğitimcilik özü, edebiyatın etnopedagojik tanıma potansiyeli ve C. Aytmatov‟un halk eğitimcilik mirasını saklama ve tanıtımındaki rolü incelemeye alınmıştır.Ġkinci Bölüm `C. Aytmatov'un Eserlerinde Mit ve Efsanelerdeki Eğitici Düşünceler` başlık altında olup, bunda yazarın eserlerindeki birkaç mit, efsanelerin eğitici düşünceleri açıklanmaktadır ve bunların halkın geleneksel eğitimcilik kültürünün tarihi, bügünü ve yarını ile olan bağlantıları geniş araştırmaya alınmıştır. Tezde C. Aytmatov‟un eserlerindeki mit ve efsaneler ilk kez etnopedagojik yönden araştırılmaktadır. Araştırma Aytmatov‟u tanıma ilminin gelişmesine az da olsa katkı sağlayacağı düşünülmektedir.
Collections