Кыргызстандын социалдык багыттагы рынок экономикасынын өзгөчөлyктөрyн анализдөө
- Global styles
- Apa
- Bibtex
- Chicago Fullnote
- Help
Abstract
Рынок системасы дүйнөдөгү эң эффективдүү чарбачылык кылуу системасы болуп саналат. Буга дүйнөлүк тажрыйбалар жана ийгиликтер далил болуп турат. Мына ошондуктан азыркы күндө рыноктук система дүйнөдөгү мамлекеттердин негизги чарбачылык кылуу системасы болуп саналат. Рынок системасы мезгил жана шарттар өзгөргөн сайын өзгөрүүгө дуушар болуп, акырындык менен анын ар кандай өнүккөн түрлөрү же моделдери пайда болгон жана болуп келет. Социалдык рынок экономикасы рынок системасынын өнүккөн моделдеринин бирөө болуп, акыркы убакыттардан бери өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин көңүл чордонунда болуп келет. Мына ошондуктан көптөгөн өнүгүп келе жаткан мамлекеттер өздөрүнүн улуттук социалдык моделин түзүү аракетин көрүп жатышат. Алардын арасында Кыргызстан мамлекетибиз да бар. Мамлекетибизде эгемендик алып, экономикалык жана саясий реформалар башталгандан тартып, бул моделди туу тутуп, аны түзүүнү көздөп келебиз. Бирок тилекке каршы иш-жүзүндө биз социалдык багыттагы рынок системасын эмес, антисоциалдык рынок системасын түзүп алдык. Анткени, мамлекетибизде жүргүзүлгөн рыноктук реформалар да жана азыркы күнгө чейин жүргүзүп жаткан экономикалык саясаттарыбыз да социалдык рынок концепциясынын негизинде эмес, ашынган либералисттик маанайдагы «Вашингтон консенсусунун» негизинде ишке ашырылган жана ашырылып жатат. Мына ошондуктан мамлекетибиздин, социалдык рынок моделин орнотуу максаты орундалбай олтурат.Ал эми Кыргызстан сыяктуу 75-жыл социалдык принциптерге сугарылып калган мамлекеттер үчүн рынок системасынын дал ушул социалдык рынок модели гана туура келмек эле. Тактап айтканда, бир жагынан адилеттик жана теңдик, башка жагынан болсо эффективдүүлүк жана рационалдуулук принциптерине негизделип, бир учурда туруктуу экономикалык өсүшкө, социалдык прогресске, саясий туруктуулукка жана коомдук ынтымакка максатталган социалдык рынок экономикасы гана социалдык принциптерге сугарылып калган совет элдеринин колдоосуна арзышы ыктымалдуулугу жогору эле. Бирок, тилекке каршы жогоруда айткандай ашынган либералисттик багыттагы монетаризм теориясына таянган «Вашингтон консенсусунун» негизинде рыноктук реформалар жүргүзүлгөндүктөн, аң-сезими жана менталитети такыр башкача болгон калкыбыз алгач шоктук абалга, андан соң кризисттик абалга туш болгон. Мына ошондуктан мамлекетибизде уурдап-тоноочулук, басып алуучулук, зордук, зомбулук, кайдыгерчилик (маңкуртчулук, аракечтик, баңгичилик), алдамчылык жана уятсыздык күч алып, коомубуз экономикалык, социалдык, саясий жана коомдук кризиске белчесинен малынып олтурат. Чындыгында калкыбыз алгачкы учурда эмне кылаарын билбей калса, андан кийин рыноктук экономиканы кандай жол менен болсо да жан багуу жана байуу менен алмаштырып алышты. Эң коркунучтуусу мындай түшүнүктүн калк аң-сезиминде адатка жана көнүмүшкө айланып бара жатышы.Мына булардын баардыгысы мамлекетибизде адилетсиздиктин жогорулашына алып келип, коомдо теңсиздикти күчөтүп жатат. Чындыгында мамлекетибизде материалдык, саясий жана коомдук жактан да теңсиздик абдан күч алып, калкыбыздын өнүгүүгө жана татыктуу жашоого болгон шарттары абдан айрымаланып барат. Мына мындай теңсиздик мамлекетибизде таза атаандаштуулуктун орношуна, анын негизинде калктын эффективдүү ишмердүүлүк кылуусуна жана атаандаштык жөндөмдүүлүгүн жогорулатуусуна тоскоол болуп жатат.Мына ошондуктан теңсиздик социалдык-экономикалык өнүгүүгө тоскоол болуп, саясий туруксуздукту жана коомдук башаламандыкты жогорулатып жатат. Демек, мамлекетибизде тезинен коомдогу адилетсиздик менен байланышкан теңсиздикти түп орду менен жок кылып, мамлекетибизде бирдей эркиндик жана тең укуктуулукту, анын негизинде таза жана адилеттүү атаандаштуулукту орнотпосок, анда теңсиздик мамлекетибизде ичтен жеген курттай жеп бүтүрүп коюушу мүмкүн. Буга акыркы кездеги мамлекетибиздеги коопту окуялар далил болуп турат. Демек, мамлекетибиз, тезинен реалдуу түрдө социалдык рынок системасын орнотушу керек. Ал үчүн төмөнкүдөй багытта активдүү жана натыйжалуу реформаларды жана саясаттарды жүргүзүүсү керек:1) Адилеттик принцибине негизделген социалдык эффективдүү саясаттарды жүргүзүп, өнүгүүнү каалган калктын баардык катмарлары үчүн жетиштүү жана бидей шарттарды түзүп берүү,2) Эффективдүүлүк принцибине таянган экономикалык активдүү реформаларды жана саясаттарды жүргүзүп, экономикалык субъектердин эркин жана эффективдүү ишмердүүлүк кылууларына жетиштүү жана бирдей шарттарды түзүп берүү,3) Эркиндик жана жоопкерчилик приницибине таянган активдүү саясий реформа жана иш-чараларды жүргүзүп, мамлекеттик башкаруунун жакшырышына баардык шарттарды түзүү,4) Укуктуулук жана мыйзамдуулук принциптерине таянган активдүү коомдук реформаларды жана саясаттарды жүргүзүп, калкыбыздын баардык катмарынын коомдун татыктуу жана тең ата мүчөсү болуусуна бирдей шарт түзүп берүү зарыл. Piyasa ekonomisi dünyadaki en entkin bir iktisadi sistemdir. Buna dünyadaki gerçeklemiş olumlu tecrübeler ve gelişen ülkelerin ekonomik büyük başarıları delil olabilir. Onun için pazar ekonomisi dünya sistemi özelliğine sahiptir. Piyasa ekonomisi yıllar geçtikçe ve iç ve dış şartlar deyiştikçe her zaman deyişmektedir. Dolayısıyla Piyasa ekonomisinin bir çok modelleri ortaya çıkmış. Bu modeller piyasa ekonomisi sisteminin teorik ve pratik açıdan gelişme sonucudur.Sosyal Piyasa Ekonomisi Pazar ekonomisinin çok kullanılan ve gelişmiş bir modellerin birisidir. Son zamanlarda sosyal pazar ekonomisi modeline gelişmekte olan ülkeler tarafından çok bir ilgi duyulmaktadır. Dolayısıyla gelişmekte olan ülkelerin çoğu kendi ülkerinde ulusal özellikleriyle sosal yönlü pazar ekonomisin kurmak istyorlar. Bunların arasında Kırgızistan da vardır. Kırgızistan bağımsız bir ülke olduğundan hemen sonra diğer eski SSCB ülkeleri gibi sosyal pazar ekonomisine geçme kararını almıştır. Fakat gerçekte sosyal yönlü ekonomiyi değil, tersine anti sosyal bir ekonomiyi kurduk. Çünkü biz pazar ekonomisine geçiş reformları da, uygulamakta olan ekonomik politikalarımızı da sosyal pazar ekonomisine yönelik değil, sadece liberlizme önem veren monetarizm teorisine dayanan „vaşington konsensusuna‟ yönelik yapılmıştır. Ama 75 yıl sovetler birliğinde yaşayan ve sosyal sisteme çok alışmış olan halkımızın düşüncelerine bu monetarizm teorisi aykırı gelmiş. Dolayısıyla halkımız önce bir şokla karşılaşmış, sonra bu şok krizis haline değişmiş. Halkımızın düşüncelerinde yer alan krizis ülkemizde yolsuzluğa, rüşvete, hırsızlığa ve diğer sosyal problemlere neden olmuş. Onun için 1992 de ülkemizde başlayan pazar reformlar beklediğimiz sonuçları vermemiş ve ekonomik ve siyasal krizis bu güne kadar uzamaktadır. Bu güne kadar halkımızın çoğu pazar ekonomisinin ne gibi sistem olduğunu ve onun özelliklerini tam bilmiyorlar. Dolayısıyla pazar ekonomisi, istediği her yömtemle (suç işleyerek olsa bile) para kazanma olanağı salayan bir sistem olarak
Collections