Кыргызстанда салык маданияты: маселеси, мааниси жана өнүктүрүү жолдору
- Global styles
- Apa
- Bibtex
- Chicago Fullnote
- Help
Abstract
Мамлекеттин экономикалык жана социалдык функцияларынын ийгиликтүү жана натыйжалуу аткаруусу, бул функциялардын аткарылышын камсыз кылган финансылык каражаттардын жетиштүү деңгээлде болушуна жараша болот. Ал эми бул каражаттардын эң негизги булагын салыктар түзөт.Натыйжалуу, адилеттүү жана өнүгүүнү стимулдаштырган негизги өзгөчөлүктөргө ээ болгон эффективдүү салык системасын түзүүдө салык төлөөчүлөрдүн салыкка, салык системасына жана бул саясатты жүргүзгөн мамлекетке болгон көз караштарын жана аларды чагылдырган жүрүм-турумдарын, башкача айтканда алардын салыктык маданиятынын изилдениши өтө маанилүү болуп эсептелинет.Кыргызстанда болсо, рынок экономикасына өтүп жаткан шарттарда структуралык, экономикалык жана социалдык реформаларды жүргүзүү үчүн салыктык кирешелердин туруктуулугун жана жетиштүү деңгээлде болушун камсыз кылуу өтө орчундуу маселелерге айланган. Өлкөдө салык системасынын рынок экономикасынын шарттарына жараша иштей баштаган 1992-жылдан бери жүргүзүлгөн өзгөртүүлөр жана толуктоолорго карабастан азыркы салык системасын эффективдүү деп айтуу кыйын. Өлкөдөгү көмүскө экономиканын үлүшүнүн чоң жана салыкты төлөөдөн качуулардын кеңири таркалышы салык төлөөчүлөрдүн салык маданиятынын төмөн экендигин көрсөтүп турат.Диссертациялык иштин биринчи бөлүмүндө салыктын маңызы жана салык маданиятынын методологиялык негиздери каралган. Ошондой эле, салык маданиятынын тарыхый өнүгүшү жана ага таасирин тийгизген факторлор изилденген. Ошону менен бирге эле, өнүккөн жана өткөөл экономикаларда салык маданиятынын деңгээли, өзгөчөлүктөрү каралган.Экинчи бөлүмдө Кыргызстанда салык маданиятынын тарыхы жана азыркы мезгилдеги абалы изилденген. Кыргызстанда салык төлөөчүлөрдүн салыктык аң-сезимдери жана маданияты жана ага таасирин тийгизген социалдык-психологиялык, экономикалык жана саясий факторлор каралып, бул факторлор салыктык маданиятка кандай мааниде таасирин тийгизип жаткандыгы изилденген.Үчүнчү бөлүмдө болсо, Кыргызстанда (Бишкек шаарынын мисалында) 400 жеке киши жана 100 ишкананын катышуусу менен жүргүзүлгөн сурамжылоо аркылуу топтолгон маалыматтардын жыйынтыктары берилди . Бул маалыматтар боюнча ишенимдүүлүк анализи, t – тести, вариациялык анализ жана фактор анализи жүргүзүлдү. Аталган анализдердин натыйжасында Кыргызстанда салык төлөөчүлөрдө салыктык аң-сезими бар экендиги, бирок, салыктык маданияттын төмөн болгондугу аныкталган. Ал эми салык маданиятына таасирин тийгизген эң маанилүү факторлор – салык төлөөчүлөрдүн мамлекетке болгон ишеними, коомдук кызматтардын сапаты, көмүскө экономика, салык салуунун айкындуулугу жана салыктык мыйзамдын татаалдыгы, салык системасынын адилеттүүлүгү сыяктуу факторлордун таасир эткендиги аныкталган.Ошентип, изилдөөнүн жыйынтыгында Кыргызстанда салыктык маданиятты өнүктүрүү үчүн укуктук мамлекетти түзүү, коррупцияны жоюу, соттук системанын көз карандысыз жана адилеттүү болушун камсыз кылуу, көмүскө экономика минималдуу деңгээлге төмөндөтүү, салык системасынын жана салыктык администрациянын натыйжалуулугун, айкындуулугун жана адилеттүүлүгүн күчөтүү, салыктык кирешелерди натыйжалуу колдонуу жана калкка сапаттуу, алар каалаган жана муктаж болгон коомдук кызматтарды көрсөтүү, кичи жана орто ишканаларга мамлекет тарабынан колдоо көрсөтүү керектиги керектиги белгиленген.Ачкыч сөздөр: салыктар, салык системасы, салык маданияты, мамлекет.6 Devletin ekonomik ve sosyal fonksiyonları başarılı ve etkin bir şekilde yerine getirmesi finansal kaynağın sağlıklı ve yeterli seviyede olmasına bağlıdır. Devletin en önemli kaynağını vergiler oluşturmaktadır.Etkin, adaletli ve ekonomik kalkınmayı teşvik eden bir vergi sisteminin düzenlenmesinde vergi mükelleflerinin vergiler, vergi sistemi ve vergi politikasını yürütmekte olan devlete ilişkin görüşleri ve bu düşünceleri yansıtan davranışlarının, diğer bir değişle mükelleflerin vergi kültürünün incelenmesi çok önemlidir.Kırgızistan'da ise piyasa ekonomisine geçiş koşullarında yapısal, ekonomik ve sosyal reformların yapılması ve vergi gelirlerinin sağlıklı ve yeterli olması gerekliliği sorunun güncelliğini daha da arttırmıştır. Ülkede vergi sisteminin piyasa koşullarına göre çalışmaya başladığı 1992 yılından itibaren yapılan düzenlemeler ve reformlara rağmen, günümüzdeki vergi sisteminin etkin bir sistem olduğunu söylemek oldukça zordur. Kırgızistan'da kayıt dışı ekonominin ve vergiden kaçınmanın yaygın olması vergi mükelleflerinin vergi ve vergi sistemi ile ilgili görüşlerinin negatif ve vergi kültrünün de düşük olduğunu göstermektedir.Tezin birinci bölümünde verginin anlamı ve vergi kültürünün metodolojik temeli araştırılmıştır. Ayrıca, vergi kültürünün tarihi gelişimi ve onu etkileyen faktörler incelenmiştir. Bunun yanında hem gelişmiş ve hem de geçiş ekonomilerindeki vergi kültürünün durumu ele alınmıştır.İkinci bölümde Kırgızistan'da vergi kültürünün tarihi ve günümüzdeki durumu incelenmiştir. Kırgızistan'da vergi mükelleflerinin vergi kültürünü etkileyen sosyal-psikolojik, ekonomik, demoğrafik ve siyasi faktörler ve bu faktörlerin etkileri araştırırlmıştır.
Collections