Кыргыз жана түрк тилдериндеги э- кемтик этишинин колдонулуусу жана грамматикалык маанилери
- Global styles
- Apa
- Bibtex
- Chicago Fullnote
- Help
Abstract
Түрк тилдеринде байыркы түрк доорунан бери колдонулуп келе жаткан жардамчы этиштер бар. Мисалы: бер, турур, отур, кыл, көр ж.б. Байыркы түрк тилдеринде да бул жардамчы этиштер ушундай эле көмөкчү мааниде колдонулган. Бирок тилдин өнүгүү эволюциясында өзгөрүүгө дуушар болуп, фонетикалык ар кандай варианттарда, тиешелүү грамматикалык маанилерде өзгөчө оттенокторго ээ болуп калды. Байыркы архаикалык эр- жардамчы этишинин кыргыз адабий тилинде азыркы күндө эле, экен, эмес ж.б.у.с. формалары түрүндө кездешет жана алардын тил илиминде бөтөнчө орду бар. Булар атооч сөздөр менен айкашып, ал сөздөргө баяндоочтук милдетти аткартат да, негизги мааниге ар кандай кошумча маанилерди киргизет.Кыргыз тилиндеги э- кемтик этиши, б.а. эле, экен, эмес жана бол жардамчы этиштеринин жөнөкөй чак жана ыңгай формалары менен айкашып келгендеги татаал формалары, андагы туюндурулган маанилери жөнүндөгү ар тараптан сыпатталган илимий натыйжаларды кыргыз тилчи илимпоздору жазышса да өткөн чактык жардамчы этиштин татаал формалары, субъективдүү модалдуулуктун татаал формалары, шарттын татаал формаларынын табияты, ички тутумдук түзүлүшүнүн көп кырдуу грамматикалык маанилери кыргыз тилинин материалдарында чектелүү берилгендигин байкоого болот. Ал эми бул формалар кыргыз тилин түрк тили менен салыштырып изилдегенде гана ачыкка чыкмак.Эмгегибиздин I бөлүмүндө э- кемтик этишинин түрк тилинин чыгыш жана батыш бутактарында өнүгүү эволюциясына түрк тилинин байыркы доорлордон баштап азыркы күндөгү түрк тилдеринде кандай формаларда колдонулуп келгенин жана алардын өзгөргөн формаларын аныктаганга аракет жасадык. Бул формага арналган эмгектерге илимий экскурс жүргүздүк.II бөлүмүндө э- кемтик этишинин кыргыз жана түрк тилдеринин негизинде салыштырып карап, жалпылык жана айырмачылыктарын белгилөөгө аракет кылдык Türk dillerinde eski zamanlardan beri kullanılmakta olan yardımcı fiiler mevcüttür. Örneğin: ber, turur, otur, kıl, kör v.s. Eski Türkçe şivelerinde de bu yardımcı fiiler aynen günümüzdeki gibi yardımcı fiil fonksiyonunda kullanılmıştır. Ama Türk dilinin gelişme süresinde her türlü fonetik değişikliklere uğrayıp, yeni gramatik anlamlara sahip oldular. Bunun gibi değişikliğe uğramış yardımcı fiilerden biri de imek fiilidir. Arkaik şekli er- olan bu yardımcı fiilin günümüzde Kırgız dilinde ele, eken, emes v.s. fonetik şekilleri kullanılmaktadır. Kırgız dilbiliminde de bu yardımcı fiil formları isim sözcüklerine eklenerek eylem yapar ve eylemin temel anlamına farklı farklı anlamlar katar.Kırgız dilinde e- (ele, eken, emes ve bol-) yardımcı fiiliinin basit zaman kiplerinde, birleşik kiplerde ve karşıladıgı gramatikal anlamları hakkında yazılan ilmi çalışmaları kırgız dilcileri araştırdıysalar da imek fiilinin yardımıyla kurulmuş; hikaya, rivayet, şart gibi birleşik kipleri incelenmemiştir. Bundan dolayı e- yardımcı fiili kırgız dilbiliminde bilimsel araştırmalarda Türkiye dilbilimsel araştırmalarına göre daha az incelendigi ortaya çıkar. Bu fiilin yukarıdaki gibi özel şekilleri ise ancak iki dili kıyaslayarak incelendiği zaman belli olacaktır.I. bölümde arkaik er- yardımcı fiilinin, genel türk dilinin doğu ve batı kollarındaki gelişmesi ta eski zamanlardan günümüze kadar örneklerle kronolojik bir şekilde yazıya geçirilmiştir. Ayrıca bu yardımcı fiil üzerine yapılmış olan çalışmalara da bilimsel inceleme yapıldı.II. bölümde ise e- yardımcı fiili Kırgız ve Türk dillerindeki kullanım özellikleri ve gramatik anlamları kıyaslanarak onların benzerlikleri ve farklılıkları tespit edildi.
Collections