Кыргызстандагы коммуникация алкагындагы коомчулук менен байланыш (pr) боюнча билим берүү системасынын айрым маселелери
- Global styles
- Apa
- Bibtex
- Chicago Fullnote
- Help
Abstract
Диссертациялык иш Кыргызстандагы Коомчулук менен байланыш (PR) боюнча билим берүү системасынын айрым маселелерин изилдөөгө арналды. Теманын актуалдуулугу бир нече факторлор менен аныкталат. Биринчиден, Кыргызстанда мындай изилдөөлөр жокко эсе. Экинчиден, мындай изилдөөлөр айтылуу чөйрөдөгү адистерди даярдоого эффективдүү көмөгүн көргөзөт. Үчүнчүдөн, глобализация доорунда, а Кыргызстан үчүн коомдук мамилелеринин капитализациясы, конкуренциясы өтүп жаткан мезгилинде мындай кадрларды даярдоо өтө керектүү жана заманбап болууда. Ошондуктан аларга билим берүү маселелери, керектүү деңгээлдеги билимди жана шыктарды өнүктүрүү өз катары менен терең изилдөөгө муктаждыкты жараткан айрым бир проблемага айланууда.Диссертациялык ишибиз үч бөлүктөн турат . Биринчи бөлүм иштин методологиялык негиздерин чагылдырат. Коомчулук менен байланыш 6коммуникация менен тыкыс байланышта болгон соң кийин, коммуникация түшүнүгүнө жана коммуникация теорияларына атайын эки параграф арналат. Билим берүү түшүнүгү дагы өзүнчө параграфта иликтенет. Ал эми төртүнчү параграфта билим берүү системасы коом (экономика, саясат, маданият, идеология) менен байланышта экендигин ачууга аракет жасалат.Экинчи бөлүктө Коомчулук менен байланыш (PR) түшүнүгү жана PR теорияларына, коомчулук менен байланыш боюнча билим берүү системасы жөнүндө изилдөөлөргө анализ берилет. Бул маселе боюнча Орусия илимпоздордун изилдөөлөрүнүн салыштырмалуу анализи жасалды.Үчүнчү бөлүктө Кыргызстандагы коомчулук менен байланыш боюнча билим берүү маселелери иликтелет. Коомчулук менен байланыш адистерин даярдаган бир нече университеттердин билим берүү системасына, окутуу пландарына анализ берилди. Болонь системасына анализ жасалат. Коомубуздун айтылуу кесибиндеги адистерге болгон муктаждык деңгээлдери жана PR адистеринин иш табуу маселелери каралат.Иш методологиялык диалектика принциптерине негизделген. Башкача айтканда иште, байланыш жана өнүгүү принциптери колдонулат. Билим берүү системасы коомдун экономикасы, саясаты, идеологиясы, маданияты менен тыкыс байланышта каралат.Ачкыч сөздөр: коммуникация, билим берүү, коомчулук менен байланыш, коомчулук менен байланыш билим берүүсү, глобализация, коомдун капиталдаштыруусу, коомчулук менен байланыш билим берүүсүнүн экономикалык негиздери, коомчулук менен байланыш билим берүүсүнүн саясий негиздери, коомчулук менен байланыш билим берүүсүнүн идеологиялык жана маданий негиздери. Tez Kırgızistan'da iletişim alanında halkla ilişkiler uzmanların eğitimi sisteminin sorunlarının analizi için ayrılmıştır. Konunun güncel olmasının sebeplerinin biri Kırgızistan'da böyle araştırmaların yapılmamasıdır, ikinci sebep, böyle bir araştırma bu alanda eğitimin daha etkili gelişimine katkıda bulunabilir ve üçüncu sebep, küreselleşme doneminde, Kırgızistan toplumunun kapitalist, rekabet ilişkilerine geçmesiyle birlikte profesyonel halkla ilişkilercilerin eğitilmesi guncel bir görev haline geliyor. Bu yüzden onların eğitımi, bilgi derecesi ve yetenekleri da ayrıntılı bir çalışma gerektiren önemli bir sorun haline gelir.Tez üç bölümden oluşur. İlk bölüm metodolojik çerçeveyi içerir. Halkla ilişkiler doğrudan iletişime bağlı olduğu için ilk bölümün iki paragrafı iletişim kavramı ve teorisine adandı. Eğitim kavramı bölümün ayrı paragrafında görülmektedir. Ve bölümün dördüncü paragrafında eğitim sistemin toplumla (ekonomi, siyaset, kültür, ideoloji) ilişkilerini ortaya çıkarmaya çalışmıştım. 8İkinci bölümde halkla ilişkiler kavramının, halkla ilişkiler teorisinin, halkla ilişkiler eğitim sistemi ile ilgili bazı araştırmalarının analizi yapılıyor.Üçüncü bölümde Kırgızistanda halkla ilişkiler eğitiminde oldukları bazı sorunlar gösterilir. Bologna sisteminin analizi yapılır. Toplumda PR uzmanlarına ne kadar ihtiyacı var olduğu ve PR uzmanların mesleğinde bir iş bulup bulmama sorunları hakkında yazılmıştır.Çalışma diyalektiğin metodolojik ilkesine dayanmaktadır. Çalışmada diyalektik ilkeler kullanılmıştır. Diğer bir deyişle, iletişim ve gelişme prensipleri kullanılmıştır. Eğitim sistemi kendisi tarafından ortaya çıkmaz. O kesinlikle bir toplumun ekonomi, siyaset, ideoloji ve kültürü ile ilgilidir. Bu iş bu durumu gösterir belirli literatüre dayalı yazılmıştır.Anahtar kelimeler: iletişim, eğitim, halkla ilişkiler (PR), halkla ilişkiler eğitimi, küreselleşme, toplumun kapitalist ilişkilere geçmesi, PR- eğitimin ekonomik temelleri, PR- eğitimin siyasi temelleri, PR- eğitimin ideoloji ve kültür temelleri.
Collections