Бажы төлөмдөрү системасындагы бажылык-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу
- Global styles
- Apa
- Bibtex
- Chicago Fullnote
- Help
Abstract
Бажы төлөмдөрү системасындагы бажылык-тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салууну үйрѳнүү анын теориялык талданышы ѳлкѳдѳгү тарифтин улуттук экономикалык жыргалчылык деңгээлинин жогорулашы практикада камсыз кылган оптималдуу деңгээлин табууну мүмкүндүк берет. Эл аралык соода-сатыкты мамлекеттик жөнгө салуу инструменттери тарифтик инструменттерге – бажы тарифин колдонууга негизделгендерге, жана тарифтик эмес инструменттерге – калганынын бардыгына бөлүнөт. Мамлекеттер чет өлкөлүк атаандаштык үчүн ички рынокту ачкан эркин соода-сатык саясатын, ички рынокту чет өлкөлүк атаандаштыктан коргогон протекционизмдин соода-сатык саясатын, белгилүү пропорцияларда эркин соода-сатык жана протекционизм элементтерин айкалыштырган орточул соо-сатык саясатын колдонушу мүмкүн.Өлкөлөрдүн көбүндө эл аралык соода-сатык чөйрөсүндө өкмөттүн негизги милдети – экспортчуларга болушунча көбүрөөк өзүнүн продукциясын ташып чыгууга, эл аралык рынокто алардын товарларын атаандаштыкка кыйла жарамдуураак кылып, жардам берүү, жана чет өлкөлүк товарларды ички рынокто атаандаштыкка азыраак жарамдуу кылып, импортту чектөө болуп эсептелет. 8Биздин өлкө өнүккөн рыноктук экономикасы, кеңири эл аралык дипломаттык жана соодалык байланыштары бар мамлекет болууга умтулат. Өлкөнүн ички потенциалы көбөйгөн, кичи жана орточо бизнес өнүккөн, Кыргызстандын башка өлкөлөр менен жүк жана товар жүгүртүүсү жогорулаган сайын бажы төлөмдөрүнүн бюджетке түшүүсү да өсөт. Ушуга байланыштуу бажы төлөмдөрүнүн ролу өтө зор, анткени алар эл аралык соода-сатыкта контролдоочу ролду аткарат.Жыйынтыгында ата-мекендик экономиканын бүгүнкү этабында бажы төлөмдөрүн укуктук жактан камсыз кылуу мамлекеттик казынаны толтуруунун натыйжалуу кепилдиги болуп эсептелет деп белгилеп кетели. Ошондуктан, бажы төлөмдөрүнүн көйгөйлүү аспекттерин талдоо жүрүшүндө табылган көйгөйлөр, ошондой эле аларды чечүүнүн сунушталган жолдору бажы мыйзамдарын өркүндөтүүгө, мунун натыйжасында, мамлекеттин бардык каржылык системасынын туруктуулугуна көмөк көрсөтөт.Ачкыч сөздөр: Бажы тарифи, бажы тѳлѳмдѳр,тарифтик эмес жөнгө салуу, Кыргызстан Бүткүл дүйнөлүк соода-сатык уюму жана Бажы союзу. Gümrük vergilerinde tarife ve tarife dışı düzenlemelerinin incelenmesi ve teorik analizi pratikte ulusal ekonominin optimal refah düzeyine ulaşmasını sağlar. Uluslararası ticaretin devlet düzenleme araçları gümrük tarifesine dayalı olan ve dayalı olmayan yani, tarife dışı olanlar olarak 2'ye ayrılmaktadır: Devlet kendi politik kararlarına göre serbest dış ticaret politikasını ya da korumacı bir politikayı kabul edebilir. Bunun dışında devlet bu iki politikayı bir araya getirerek ılımlı bir politikayı da uygulayabilir.Dış ticareti geliştirmek birçok ülke için temel görev arasında yer almaktadır. Devlet ihracatçıların uluslararası piyasada ürünlerini daha rekabetçi hale getirmesine, satılmasına destek vermelidir ve ithalatı kısıtlama yoluyla yerli üreticileri koruma amacında bulunmalıdır. Dış ticaret üzerinden alınan vergilerin ithal malının iç fiyatını yükseltmesi, ithalata rakip üreticileri dış piyasanın rekabetinden koruyarak yerli üretimin artmasına yol açmaktadır.Ülkemiz gelişmiş bir piyasa ekonomisine sahip ve kapsamlı uluslararası ticari ve diplomatik ilişkileri güçlü olan bir ülke olmayı hedeflemektedir.Ülkenin iç kapasitesinin artması ile küçük ve orta ölçekli işletmelerin gelişimi, navlun ciro ve Kırgızistan'ın diğer ülkeler ile ticaretin gelişmesi ile ülke bütçesindeki gümrük ödemelerin payı artmaktadır. Gümrük vergilerinin, konusunun yakalanmasının 10kolay olması tarih ve tahsili işlemlerinin kolay ve maliyetinin düşük olması nedeniyle vergi hâsılatı yüksek olmaktadır.Gümrük vergilerinde yasal düzenlemelerin sağlanması hazineye gelir sağlamada etkili bir garanti olmaktadır. Bu yüzden vergi sisteminde gümrük vergilerinin eksik taraflarını belirlemek ve gerekli önerileri vermek gümrük mevzuatının gelişmesine katkıda bulunur ve dolayısıyla devletin tüm mali sisteminin istikrarını sağlar.Anahtar Kelimeler: Gümrük tarife, gümrük, tarife düzenleme, Dünya Ticaret Örgütü ve Gümrük Birliği.
Collections