Кетмен-төбө өрөөнүнүн катакомба тибиндеги эстеликтери жана өзгөчөлүктөрү(ы. кожомбердиевдин архивдик материалдарынын негизинде )
- Global styles
- Apa
- Bibtex
- Chicago Fullnote
- Help
Abstract
Орто Азия аймагынын ажырагыс бөлүгү болгон Кыргызстан, ал эми Кыргызстандынжүрөгүнөн орун алган Кетмен-Төбө өрөөнү байыркы көчмөн калктардан мураскалтырылган эстеликтердин бешиги болуп саналат. Жалгыз эле Кетмен-Төбө өрөөнүндөэмес, бүткүл Кыргызстан аймагында жашап өткөн көчмөн калктардын тарыхы жалпытарыхый процесстин ажырагыс бөлүгү болуп эсептелгендиктен, бул аймакта жашаганбайыркы көчмөн калктардын тарыхын, маданиятын изилдөө археолог, тарыхчылардын эңнегизги максаттарынын бири болуп эсептелет. Азыркы учурда, Кыргызстандынаймагында жашап өткөн көчмөн калктардын маданиятына, тарыхына тиешелүүмаалыматтарды камтыган археологиялык изилдөөлөр боюнча материалдарды тактап,толуктоо, илимий чөйрөгө жеткирүү учурдун эң актуалдуу маселелерининен болупсаналат. Мындай маанилүү иштерге археология илиминин кыргыз тарыхында бир багыткатары калыптанышында жана өнүгүүсүндө чоң салым кошкон, тун жана аны менен биргеталанттуу кыргыз археологдорунан болуп эсептелген И. Кожомбердиевдин эмгектеринкошууга болот. Кыргызстанда байыркы көчмөндөрдүн тарыхы археологиялык эстеликтербоюнча гана изилденип келет. Кетмен-Төбө өрөөнүндө изилденген эстеликтер колодоорунан баштап ХII кылымдарга чейинки мезгилди камтыса дагы, биздин темагабайланыштуу эстеликтердин хронологиясы б.з. I-V кылымдарын камтыйт.Кетмен-Төбө өрөөнүндө, жогоруда берилип кеткен хронологиялык тилкеге катакомбатибиндеги эстеликтерди киргизүүгө болот. Ы. Кожомбердиевдин бул типтегиэстеликтерге таандык негизги, комплекстүү түрдөгү изилдөө иштери Кетмен-Төбөөрөөнүнө туура келгендиктен, бул өрөөндө жүргүзүлгөн изилдөө иштерининматериалдарын баа жеткис деп эсептесе болот. Анткени, байыркы эстеликтердин бешигиболгон бул өрөөндө, Кыргызстандын аймагында изилденген байыркы эстеликтердинжарымы туура келет. Бул эстеликтердин көбү, Токтогул суу сактагычынын жана Токтогулшаарчасынын ордуна туура келгендиктен, аларды кайрадан изилдөөгө алуу мүмкүн эмес.Бул материалдардын негизинде автордун диссертациялык иши жана алтымышка жакынмакаласы жазылган. Бул себептүү, теманын максаты археолог И. Кожомбердиевтарабынан Кетмен-Төбө өрөөнүндө жүргүзүлгөн археологиялык изилдөөлөрүнүннатыйжасында чогултулган материалдарын талдоо, жарыяланбай калган материалдарыменен тааныштыруу менен бирге, алардын Орто Азия аймагында изилденген бул типтеги IIIэстеликтер менен салыштырып, анализдөө. Бул теманын айланасында жылдар боюнчаокумуштуулар тарабынан түрдүү көз караштар айтылып келгендиктен, азыркы учурдакатакомба тибиндеги эстеликтерди мурас калтырып кеткен көчмөн калктардын тарыхынабайланыштуу башка авторлордун эмгектеринде канчалык деңгээлде колдонулгандыгынбөлүп көрсөтүүдө жатат.Кетмен-Төбө өрөөнүнүн катакомба тибиндеги эстеликтерине арналган магистрдикишибиз, аты аталган өрөөндө илимий изилдөө ишин жүргүзгөн Ы. Кожомбердиевдинөздүк архивиндеги материалдар негиз алынып аткарылды. Магистрдик ишибизди жазыпбаштоодон мурда, Ы. Кожомбердиевдин өздүк архивиндеги бул тип эстеликтергебайланыштуу материалдар (эстеликтердин сүрөттөлүштөрү, керамика жана башкатабылгалардын сүрөттөлүштөрү, графикалык материал, фотоматериалдар) иргелип,эстеликтердин саны аныкталды. Автордун архивинде жогоруда саналган материалдарчачыранды түрдө сакталгандыктан фотоматериалдардын, графикалык материалдын кайсыэстеликке таандык экендиги белгиленген эмес. Ушул себептүү, ар бир эстелике таандыкинвентарьдын жазуу түрүндө берилген сүрөттөлүштөрүн фотоматериал, графикалыкматериал менен салыштыруу жолу менен ар бир эстеликтен чыгарылган инвентарьиргелди. Ар бир эстеликтин жазуу түрүндө берилген баяндоолору боюнча таблицалартүзүлдү. Жогоруда көрсөтүлүп тургандай бир канча этаптагы архив талдоо ишибүткөрүлгөндөн кийин Жал-Арык, Боз-Төбө, Кара-Тектир, Торкен, Акчий-Карасуу,Кызыл-Жазы, Алмалуу көрүстөндөрүнүн сүрөттөлүштөрүнүн электрондук вариантынжасоо сыяктуу темабызга тиешелүү негизги материалдын топтому чыгарылды. Жогорудаэтап боюнча саналып кеткен иштердин натыйжасында иргелген материал изилдөөиштерибиздин негизги маанилүү бөлүгүн түздү. Изилдөө иштерибиздеги экинчи этап, бултеманын үстүндө жылдар боюнча иштеген башка окумуштуулардын эмгектеринибилиографиялык топтоо иштери менен коштолду.Магистрдик иш киришүүдөн, негизги үч бөлүмдөн жана аларга таандык бөлүмчөлөрдөн,корутундудан, тиркемелерден жана библиография тизмегинен турат. Жасалган изилдөөиштери түшүнүктүү болушу үчүн, киришүү бөлүмүндө теманын актуалдуулугу, илилмийжактан изилденүү деңгээли, тема боюнча изилдөөнүн максаты, теманы иликтөөнүналкагы тууралуу маалыматтар берилди. Ал эми иштин биринчи бөлүмүндө катакомбатиптүү эстеликтердин жалпы түрлөрү, башка окумуштуу-археологдор тарабынанизилденүү хронологиясы, изилденүү деңгээли тууралуу материалдар камтылган. Булбөлүмчөдө, жалпыланган түрдө катакомба тибиндеги эстеликтер боюнча бир канчааргументтерге таянган окумуштуулардын көз-караштары менен тааныштырууга аракеткылынды. Магистрдик иштин экинчи бөлүмүндө Кетмен-Төбө өрөөнүнүн катакомбатиптүү эстеликтерине берилген жалпы мүнөздөмө, андан сырткары, эстеликтердинөзгөчөлүктөрүнө: конструкциясына, өлчөмдөрүнө, эстеликтердин негизги конструкциясыболгон катакомба жана дромостордун формалары, өлчөмдөрү жана багыттарына, маркумкөмүү ритуалынын өзгөчөлүктөрүнө жана краниологиялык материалдынантропологиясына байланыштуу мүнөздөмөлөр камтылган. Үчүнчү бөлүм, катакомбатиптүү эстеликтерден чыгарылган инвентарьдын өзгөчөлүктөрүнө: чопо идиштери, курал-жарактар, кооздук-буюмдар жана чарба шаймандарына арналган. Ар бир бөлүмдө, ОртоАзиянын башка аймактарында жасалган илимий эмгектердин маанилүү материалдары IVменен салыштырылууга аракет кылынды. Архивдик материалдар көлөмдүү болгондугунабайланыштуу тиркемелер да көп өлчөмдө берилди. Магистрдик иш колдонулганбиблиография кысымы менен толукталды.Ачкыч сөздөр: Катакомба, дромос, конструкция, архив, фото жана графикалыкматериалдар. Geniş Orta Asya toprakları ve bu toprakların bir parçası olan Kırgızistan toprakları, üstelik,onun içerisinde yer alan Ketmen-Töbö vadisi çok eski zamanlardan göçebe kavimlerine aitanıtların beşiği olmuştur. Sadece Ketmen-Töbö vadisinin geniş topraklarında yaşamlarınısürdürmüş kavimlerin tarihi bir tarihi sürecin koparılmaz parçasıdır. Buna ilişkin olarak eskigöçebe kavimlerinin tarihini ve medeniyetini inceleme işleri arkeologların, tarihçilerin büyükve temel amaçlardan birisidir.Şu anda, Kırgızistan topraklarında yaşamış olan bütün göçebe kavimlerin tarihi ile ilgilimaterialleri inceleme, onları ilim dünyasına katmak en önemli hususlardan birisidir. Bu türönemli çalışmalardan birisi olarak arkeolojinin Kırgızistan tarihinde bir ayrıca yön niteliğindegelişmesini sağlayabilen ilk Kırgız arkeologlarından birisi I.Kojomberdiyev'in çalışmalarınısayabilmek mümkündür.Kırgızistan'da eski göçebe hayatını sürdürmüş kavimlerin tarihi, onarlın bırakmış olduklarımühim anıtlar üzerinden incelenmektedir. Ketmen-Töbö vadisindeki eski anıtların kronolojiksırası bronz çağından başlayarak XII. Yüzyıla değin gelmesine rağmen, konumuzun çekirdeğinioluşturmakta olan katakomba tipli anıtların kronolojik sırası I-V yy.kapsamaktadır.I.Kojomberdiyev'in anıtlar üzerine olan temel ve komple çalışmaları Ketmen-Töbö vadisinedenk gelmesiyle beraber, bu anıtlar üzerine olan çalışmalar sonucun çok mühim eserler sırasınakatabilmek mümkündür. Çünkü, bu topraklarda incelenmiş bu tip anıtların %60 tutmaktadır. Butopraklarda incelenmiş eski devir anıtları Toktogul baraşının ve Toktogul şehrinin kurulduğuyerde incelenmiş olduğu dolayısıyla, bu anıtları tekrar incelemek mümkün değildir. Bu anıtlarüzerinden toparlanmış belgelerin temelinde, yazar tarafından doktora tezi savunularak, 60civarında ilmi makalesi yayınlanmıştır. Buna ilişkin olarak mastera tezinin amacı, Ketmen-Töbövadisinde I.Kojomberdiyev tarafından eski anıtlar üzerine yapılmış kazı işleri ile ilgili bütünbelgeleri derlemek, yayınlanmamış belgeleri tespit etmek ve Orta Asya'nın geniş topraklarındaincelenmeye alınmış diğer anıtların özellikleri ile karşılaştırmaktır. Onun dışında, katakombatipli anıtlar üzerine araştırmacılar arasında birçok farklı görüşlerin ileri sürülmesine ilişkinolarak, onların çalışmalarında araştırmacının çalışma sonuşları hangi seviyede kullanılmışolduğunu tespit etmek mühim rol oynayacaktır. VIÇalışmamıza direk başlamamızdan önce, arşivin taralması sırasında anıtların sayısını tespitetme, fotoğraf ve grafik resimlerinin klassifikasyonu, buluntuların tarifini ayırmak gibi önemliçalışmalar yapılmıştır.Yazarın özel arşivindeki belgeler düzensiz şekilde saklandığı dolayısıyla,fotoğraflar ve grafik resimlerinin, anıt planlarının kurganlara göre ayırım işleri yapıldı. Böylece,ilk önce belgelerin anıtların tarifi ile karşılaştırma faaliyetleri yapıldı. Bu tariflere göre cetvellerhazırlandı. Yukarıda belirtildiği gibi, bütün arşiv tarama etapları sonuçlandığı zaman Cal-Arık,Boz-Töbö, Torken, Akçiy-Karasuu, Kızıl-Cazı, Almaluu anıtlarına ilişkin bütün tarif belgelerininelektronik kapsamı yapıldı. Çalışmamızın ikinci etapı olarak da katakombik tipli anıtlar üzerineçalışmış bütün araştırmacıların eserleri üzerine bibliografik tarama işleri yapıldı.Mastera tezi giriş kısmından, üç ana bölümden, sonuç ve bibliografi kısmındanoluşmaktadır.Giriş kısmında konunun güncelliği, amacı ve kronolojik inceleme derecesiyazılmıştır. Çalışmanın ilk bölümünde katakomba tipli anıtlarının genel tipleri ve diğeraraştırmacılar tarafından incelenme derecesi hakkında anlatılmıştır. İkinci bölümde anıtlarınfiziksel özellikleri, yani, onların şekilleri, ölçüleri ve yönleri, kranioloji verilerin özelliklerineadanılmıştır. Çalışmamızın her üç bölümünde başka araştırmacıların eserleri ile karşılaştırmausulu kullanılmıştır. İşin son sayfaları bibliyografya listesi ve ekler ile tamamlandırılmıştırAnahtar sözcükler: katakomba, dromos, konstruksyon, arşiv, fotoğraf ve grafik resimler.
Collections