Түркиянын жана кыргызстандын негизги орто мектеп программаларындагы гуманитардык сабактардын окуучуларды атуулдукка тарбиялоо мүмкүнчүлүктөрү
- Global styles
- Apa
- Bibtex
- Chicago Fullnote
- Help
Abstract
Илимий иш Түркиянын жана Кыргызстандын негизги орто мектеп программаларындагы гуманитардык сабактардын окуучуларды атуулдукка тарбиялоо мүмкүнчүлүктөрүн анализдөө, орток баалуулуктарын аныктоо жана анын негизинде илимий-методикалык сунуштарды иштеп чыгууга арналган. Коюлган максат атуулдук тарбияга байланыштуу илимий теориялык, методикалык эмгектерди, эки өлкөдө окутулган гуманитардык сабактардын программаларын жана окуу китептерин, билим берүү жаатындагы мамлекеттик документтерди анализдөөнүн негизинде жүзөгө ашырылды.Диссертациянын илимий жаңылыгы жана теориялык мааниси төмөндөгүлөр менен аныкталат: Кыргызстан жана Туркиянын педагогикалык адабияттарындагы атуул жана атуулдук тарбия түшүнүктөрү салыштыруунун негизинде ачыкталып такталды; эки өлкөнүн негизги орто мектеп баскычындагы гуманитардык сабактардын структурасы салыштырылып талданды; гуманитардык сабактардын программаларынын атуулдукка тарбиялоодогу мазмуну салыштырылып орток жана айырмалуу жактары ачыкталды; изилдөөнүн корутундуларынын негизинде эки өлкөнүн атуулдукка тарбиялоо программаларын жакшыртуу боюнча сунуштар иштелип чыкты. Изилдөө иши киришүүдөн, үч бөлүмдөн, корутундудан жана колдонулган адабияттардын тизмесинен турат.Киришүүдө изилдөөнүн актуалдуулугу негизделип, анын максаты, алдыга коюлган милдеттери, предмети жана объекти аныкталып, методологиялык негизи айкындалган. Ошондой эле, изилдөөнүн методдору, жаңылыгы жана практикалык маанилүүлүгү ачылып көрсөтүлгөн.Биринчи бөлүмдө атуул, атуулдук тарбия түшүнүктөрүнүн мааниси ачыкталды, атуулдук тарбиянын теориясынан жана тарыхынан кыскача маалыматар берилди.Экинчи бөлүмдө Кыргызстандын негизги орто мектеп программаларында окутулган гуманитардык сабактардын атуулдукка тарбиялоодогу мааниси ачыкталып, максаты, милдети жана мазмундары анализденди.Үчүнчү бөлүмдө Түркиянын негизги орто мектеп программаларында гуманитардык сабактардын окуучуларды атуулдукка тарбиялоо потенциалы баарыдан мурда, максаты, милдети жана мазмуну талдоого алынды.Корутунду бөлүмүндө Кыргызстандын жана Түркиянын орто мектеп программаларындагы гуманитардык сабактардын мазмуну, максаттары жана милдеттери салыштырылып, орток жана айырмалуу баалуулуктар аныкталдыАчкыч сөздөр: атуул, атуулдук тарбия, мекенчилдик, салыштырма анализ, негизги орто мектеп, гуманитардык сабактар, максаттар, милдеттер, каражаттар, методдор, Кыргызстан,Түркия Araştırmamızda Türkiye'nin ve Kırgızistan'ın ortaokullarındaki programlarda sosyal bilimleri derslerinin öğrencilerin vatandaşlık eğitimindeki potansiyelini analiz etmek, benzer ve değişik değerleri belirlemek ve sonuç olarak öneride bulunmak amaçlanmıştır. Amaca ulaşmak için vatandaşlık eğitimine yönelik bilim adamlarının araştırmaları, iki ülkede okutulan sosyal bilimleri derslerinin programları ve ders kitapları, eğitim alanındaki resmi belgeler analiz edilmiştir.Kırgızistan'ın ve Türkiye'nin ortaokullarındaki sosyal bilimleri derslerinin genel ve özel amaçları, içerikleri karşılaştırılmış, benzer ve değişik değerler teorik olarak tanımlanmıştır.Araştırma: girişten, üç bölümden, sonuç, kaynaklar listesi ve eklerden oluşur.Giriş bölümünde araştırmanın aktüalitesi, amacı, alt amaçlar, metodolojik temeli ve yenilik durumu, pratik önemi belirtildi.Birinci bölümde vatandaş, vatandaşlık eğitim kavramlarının anlamı açıklanmış, vatandaşlık eğitimin teorisinden ve tarihinden söz edilmiştir.İkinci bölümde Kırgızistan'ın ortaokul programlarındaki sosyal bilimleri derslerinin vatandaşlık eğitimdeki anlamı açıklanmış, onların genel ve özel amaçları ve içeriği analiz edilmiştir. Üçüncü bölümde Türkiye'nin ortaokul programlarındaki sosyal bilimleri derslerinin vatandaşlık eğitimdeki anlamı açıklanmış, genel ve özel amaçları ve içeriği analiz edilmiştir.Sonuç olarak Kırgızistan'ın ve Türkiye'nin ortaokul programlarındaki sosyal bilimleri derslerinin genel ve özel amaçları ve içeriği karşılaştırılıp, benzer ve değişik değerler belirlenmiştir.Anahtar Sözcükler: vatandaş, vatandaşlık eğitimi, vatanseverlik, karşılaştırmalı analiz, ortaöğretim, sosyal bilimleri, Kırgızistan, Türkiye
Collections