Θзбекстандагы жалалкудуктук кыргыздардын элдик оозеки тили магистрдик диссертация
- Global styles
- Apa
- Bibtex
- Chicago Fullnote
- Help
Abstract
Ушул диссертацияда ϴзбекстан Республикасынын Анжиян облусуна караштуу Жалалкудук районунда жашаган кыргыздар жөнүндө, алардын элдик оозеки тили жана тилдик өзгөчөлүктөрү жөнүндө изилдөө жүргүзүлдү. Бул изилдөөдө 2012-2013-жылы Жалалкудук районунда жашаган кыргыздардан топтолгон тексттик материалдардын жана топтолгон тексттердин тилдик өзгөчөлүктөрү талданды.Райондо жана айылдарында жашаган элдин оозеки тилинин тилдик өзгөчөлүктөрүн изилдөө максатында Жалалкудуктагы кээ бир кыргыз айылдарынан тексттик материалдар топтолду. Топтолгон материалдардын транскрипциясы латын тамгалары менен берилди. Транскрипция тамгалары ушул эмгектин илимий жетекчисинин жардамы менен белгиленди. Бул тексттер фонологиялык, грамматикалык жана лексикалык жактан изилденди жана сөздүк түзүлдү. Жалпысынан айтканда, бул диссертацияда жалалкудуктук кыргыздардын элдик оозеки тилинин тилдик өзгөчөлүктөрү талданды. Айрыкча кыргыз адабий тили жана кыргыз тилинин башка говорлору менен болгон окшоштуктары жана айырмачылыктары көрсөтүлдү. `ϴзбекстандагы жалалкудуктук кыргыздардын элдик оозеки тили` аттуу магистрдик диссертация фонологиялык өзгөчөлүктөр, грамматикалык -өзгөчөлүктөр, лексикалык өзгөчөлүктөр жана корутунду аттуу бөлүмдөрдөн турат. Жалалкудуктук кыргыздардан топтолгон тексттик материалдар, сөздүк (индекс) жана карталар тиркемеде берилди. Айрыкча, диссертациянын киришүү бөлүмүндө Анжиян облусу жана Жалалкудук району жөнүндө, бул чөлкөмдө жашаган кыргыздар жана кыргыз уруулары жөнүндө маалымат берилди.Ачкыч сөздөр: Анжиян, жалалкудуктук кыргыздар, кыргыз уруулары, элдик оозеки тил, адабий тил, тилдик өзгөчөлүктөр Bu çalışmada, Özbekistan'ın Andican iline bağlı Calalkuduk ilçesinde yaşayan Kırgızların ağız özellikleri üzerinde araştırma yapılmıştır. Bu çalışma, 2012-2013 yılları arasında Calalkuduk ilçesinde yaşayan Kırgızlardan toplanan derlemelerin ve bu derlemelerin üzerinde yapılan dil özelliklerinin incelenmesinin sonucudur.İlçenin ve köylerinin ağız özelliklerinin tespiti için ilçenin bazı köylerinden derlemeler yapıldı. Derlenen verilerin transkripsiyonu Latin alfabesiyle yazıya geçirildi. Bu çalışmada Calalkuduklu Kırgızların konuşma dili ses bilgisi, şekil bilgisi ve sözcük bilgisi açısından incelenmiştir ve sözlük (dizin) çalışması yapılmıştır. Bu çalışmaların sonucunda Calalkuduklu Kırgızların ağız özellikleri ortaya konulmuştur. Özellikle Kırgız edebi dili ve Kırgızistan'ın başka ağızlarına göre farklılık ve benzerlik gösteren yönleri ortaya konulmuştur.`Özbekistan'daki Calalkuduk Kırgızlarının Konuşma Dili` adlı bu yüksek lisans tezi Ses Bilgisi, Şekil Bilgisi, Sözcük Bilgisi ve Sonuç bölümlerinden oluşmaktadır. Calalkuduk'tan derlenen metinler, sözlük (dizin) ve haritalar Ek'te verilmiştir. Ayrıca, çalışmanın başında Andican bölgesi ve Calalkuduk ilçesi hakkında, bu bölgede yaşayan Kırgızlar ve Kırgız boyları hakkında bilgi veren `Giriş` kısmı bulunmaktadır.
Collections