Өлкөнү өнүктүрүү стратегиясында региондордун орду: кыргызстандын мисалында
- Global styles
- Apa
- Bibtex
- Chicago Fullnote
- Help
Abstract
Эгемендүүлүккө ээ болгондон кийин Кыргызстан өз алдынча мамлекет болуп бөлүнүп чыгып, өз киндигин өзү кескенге өттү. Канчалаган жылдар бою күчтүү мамлекеттин бир бөлүгү болуп, алар аркылуу башкарылып келген өлкөбүз эми өз алдынча экономикалык, саясий, социалдык жана институционалдык реформаларды жүргүзүүсү керек эле. Ал эми бул маселелер жаңыдан өз алдынча мамлекет болуп жаткан өлкөбүз үчүн жеңил болгон жок. Көптөгөн кыйынчылыктар болду. Өзгөчө экономикалык реформалар мамлекетибиз үчүн оор болду. Калктын турмуш-тиричилигинин түздөн-түз белгилеген экономикадагы абал барган сайын оорлоп отурган. Бул учурда бул экономикалык кризистен чыгуу максатында өлкөбүздө рыноктук экономикага өтүү боюнча чечкиндүү иш аракеттер башталган. Бул дипломдук иште өлкөбүздөгү болуп өткөн экономикалык реформаларды анализдөө аркылуу экономиканы туруктуу өнүктүрүүдөгү региондордун орду жана ошол региондорду өнүктүрүүдөгү саясаттын жүргүзүлүшүндөгү катачылыктарын таап, аларды чечүү жолун сунуштоого аракет кылабыз. Бул дипломдук иш, Өлкөнү өнүктүрүү стратегиясында региондорду орду Кыргыз Республикасынын өнүгүшүнүн жана ишмердигинин негизги багыттарын региондорду туруктуу өнүктүрүү менен алардын арасындагы айырмачылыкты жок кылууга аракет кылган жана өнүгүүдөгү проблемаларды аныктаган узак мөөнөттүү көрүм чагылдырган дипломдук иш болуп саналат. Кыргызстандын өнүгүшүнүн жаңы узак мөөнөттү 6көрүүсүн иштеп чыгуунун жана бекитүүнүн актуалдуулугу, биринчи кезекте акыркы жылдарда республикада орун алган социалдык-экономикалык, саясий өзгөрүүлөргө жана өзгөртүп түзүүлөр менен шартталган. Өлкөнү өнүктүрүү стратегиясында региондорду ордунун жалпы максаты – республиканын региондорундагы туруктуу экономикалык өсүштүн, толук кандуу иш менен камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүү, жогорку жана туруктуу кирешелерди алуу, социалдык кызматтардын кеңири спектринин жеткиликтүүлүгү жана айлана чөйрөнүн саламаттыгы үчүн жагымдуу жашоонун жогорку стандарттарын сактоо аркылуу жарандардын турмуш деңгээлин жана сапатын жогорулатуу болуп эсептелет. Буга чейинки ар кандай Өлкөнү өнүктүрүү стратегиясынын жүргүзүлүшүн кароо менен, анын жыйынтыктарын анализдеп, мындан ары экономика кандай жол менен өнүгүшү керек деген суроого жооп бергенге аракет кылабыз. Буларга жооп издөөдө дегеле мамлекетти өнүктүрүү деген эмне экендиги тууралуу жана экономиканы өнүктүрүүдө сандык анализдер менен изилдөө жана алардын колдонгон меттоддору тууралуу изилдөө жүргүзүлүп, биздин экономиканы өнүктүрүүдө кайсы региондун модели туура жана кандай ыкманы колдонуу же өнүктүрүүдө кандайча ыкмаларын колдонуу керек экендиги тууралуу ой жүгүртүү жана ошондой эле Кыргызстан экономикасын өнүктүрүүнүн зарылдыгы тууралуу ой жүгүртүлөт. Мындай алып караганыбызда өлкөбүздүн экономикасы эффективдүү өлкөнү өнүктүрүү стратегиясына муктаж экенин билебиз. Биз экономикага өлкөнүн өнүктүрүү стратегиясында региондордун орду керектигин экономиканын абалын комплекстүү баалоо аркылуу көрсөтүүгө аракет кылабыз. Жыйынтыктап айта турган болсок өлкөнү өнүктүрүү стратегиясы ар бир экономикада жүргүзүлүшү керек болгон экономикалык иш аракет. Анткени өлкөнү өнүктүрүү стратегиясы аркылуу экономиканын багытын, калктын турмушун жана экономикалык идеологиясын көтөрө турган өнүгүү жолуна бурууга болот. 7Диссертациянын биринчи бөлүмүндө регион жана регионалдык өнүгүү түшүнүктөрү боюнча теориялык негидерге орун берилген. Экинчи жана үчүнчү бөлүмдөрдө регионалдык өнүгүүнү камсыздоодо ар бир област үчүн өнүгүү моделдерин социалдык – экономикалык көрсөткүчтөргө таянып Кыргызстанда региондор аралык өнүгүү айырмачылыктарды көп өзгөрмөлүү статистикалык ыкмалардын негизинде аныктоого аракет жасалган. Ал эми, акыркы бөлүмдө Кыргызстандын регионалдык өнүгүү процессинде мамлекет тарабынан аткарыла турган иш-аракеттерге байланыштуу сунуштар камтылган.Ачкыч сөздөр: Регион, регионалдык өнүгүү, регионалдык өнүгүү айырмачылыктары Bağımsızlığın elde edince ülkemiz özğürlüğüne kavuşup idareyi kendi eline aldı. Yıllardır bir büyük devletin parçası olarak yaşamış ve o devlet tarafından yönetilegen ülkemizin bir sürü yenilemeleri yapması gerekirdi. Bu yenilemeler ekonomik, siyasi, sosyal ve sanayileşme hususlarını kendi içerisinde barındırmaktaydı. Fakat bu tasarımları hayata geçirmek ülke için zor gelmiştir. Çünkü ülke daha bağımsızlığını yeni elde etmişti. Dolaysıyla sağlam ve dayanıklı bir sistem yoktu -ki ekonomik, siyasi v.s.- Özellikle iktisadi reformların yapılması bir takım sorunları ortaya çıkarmıştır. Halkın hayatını temsil eden ekonomik durum git gide zorlaşmaktaydı. İşte bu ekonomik krizi gidermek için ülkemizde pazar ekonomi sisteminin uygulanmasına karar verilmiştir.Bu bitirme tezimde ülkemizde yapılmış olan ekonomik reformları inceleyerek ülke ekonomisinin istikrarlı geliştirme politikasındaki eksiklikleri bularak bunların çözme yöntemlerini arz etmeye çalıştım. Bu bitirme tezi, Ülkenin kalkınma stratejisinde bölgesel kalkınmanın rölüdür. Bu stratejinin Kırgız Cumhuriyetinin gelişme faaliyetlerinin bölgesel kalkınmada temel doğrultularını belirleyen ve uzun dönemi önizlemeye olmak için tasarlanmış bir bitirme tezidir.
Collections