Cinsel kimlik inşasına ilişkin imgelerin analizi: 'Hatsukoi limited', 'Kore ga Watashi no Goshujin-sama', ve 'Yosuga no sora' Japon animasyon filmleri örneğinde
- Global styles
- Apa
- Bibtex
- Chicago Fullnote
- Help
Abstract
Araştırmada söylem analizi yöntemi kullanılmıştır. Araştırma için seçilmiş üç anime dizisinde cinselliğe dönük imgelerle ilgili kodlama yapılarak söylem analizi yapılmıştır. Araştırma yöntemi olarak Roland Barthes'in `Düzanlam` (Denotation) ve `Yananlam` (Konnotation) kavramı kullanılmıştır. Veri toplama teknikleri olarak metinsel inceleme, internet kullanılmıştır.Birinci bölümde konu göstergebilim kuramları çerçevesinde açıklanmıştır. İkinci bölümde `cinsel kimlik` kavramından bahsedilmiştir. Üçüncü bölümde Japon anime filmleri hakkında genel bilgi verilmiştir ve araştırma için seçilmiş anime dizilerindeki cinselliğe dönük imgeler analize edilmiştir. Bundan elde edilen bilgiler ışığında sonuç kısmı tamamlanmıştır.Araştırma sonucunda anime filmlerinde cinselliğe dönük imgelerin oldukça fazla yer aldığı ve bu imgelerin cinsel davranış biçimlerini şekillendirecek boyutta olduğu bulunmuştur. Araştırma için seçilmiş anime filmlerde genç kız karakterlerinin nesnelleştirilerek sunulması bulunmuştur. Animelerde sapkınlığa yol açabilen imgelerin kullanıldığı bilinmektedir. Örneğin animeler fetişizm, sadizm, mazoşizm, ensest, eşcinsellik, psikolojik ve fizyolojik şiddet gibi fenomenlere dönük kodlar içermektedir. Bu kodlar ile izleyiciye sapkın değerler aktarılarak yeni bir kimlik inşası amaçlanmaktadır.Anahtar Sözcükler: Japon anime filmleri, göstergebilim, cinsel kimlik, cinselliğe dönük imgele Изилдөөдө дискурс анализи методу колдонулган. Изилдөө үчүн тандалган үч аниме сериялында сексуалдуулукка байланыштуу элестерге кодировкалоо жасалып, дискурс анализине туш болгон. Изилдөө методу катары Ролан Барттын «түз маани» (denotation) жана `кыйыр маани` (konnotation) түшүнүгү колдонулган. Маалымат топтоо техникасы катары тексттик иликтөө, интернет колдонулган.Биринчи бөлүмдө тема семиотика теориялары алкагында түшүндүрүлгөн. Экинчи бөлүмдө «сексуалдык иденттүүлүк» түшүнүгү жөнүндө сөз болгон. Үчүнчү бөлүмдө Жапон аниме фильмдери жөнүндө жалпы маалымат берилген жана изилдөө үчүн тандалган аниме сериалдарда табылган сексуалдуулукка бурулган элестер анализделген. Мындагы колго алынган маалыматтар аркылуу корутунду бөлүгү толукталган.Изилдөөнүн корутундусунда аниме фильмдеринде сексуалдуулукка бурулган белгилердин болушунча көп орун алгандыгы жана бул белгилердин жыныстык мамиле формасын калыптандыруучу өлчөмдө болгондугу божомолдонууда. Айрыкча, изилдөө үчүн тандалган аниме фильмдеринде жаш кыз каармандардын затташтырылган абалда көрсөтүлүүсү байкалган. Ал менен кошо аниме фильмдеринде бузукулукка жол ача турган белгилер колдонулгандыгы байкалууда. Мисалы, аниме фильмдер фетишизм, садизм, мазохизм, инцест, гомосексуализм, психологиялык жана физиологиялык зордук сыяктуу феномендерге бурган коддорду камтыйт. Бул коддор менен көрүүчүгө бузукулук баалуулуктары өткөрүлүп, ал аркылуу жаңы адамдын түзүлүүсү максат кылынууда.Ачкыч сөздөр: Жапон аниме фильмдери, семиотика, сексуалдык иденттүүлүк, сексуалдуулукка бурулган элестер.
Collections