Кыргызстандын түндүгүндөгү 1918-1920-жж. совет бийлигине каршы контрреволюциялык козголоңдор (архив материалдары боюнча)
- Global styles
- Apa
- Bibtex
- Chicago Fullnote
- Help
Abstract
Кыргызстанда Совет бийлиги орногондон кийин эски түзүлүш жоюлуп, уезддик жана участкалык комиссариаттар, жер комитеттери, шаардык думалар, коопсуздук комитеттери таркатылган. Кыргызстандын саясий, социалдык-экономикалык абалы Совет бийлиги орногонго чейин эле ХХ кылымдын башындагы саясий окуялардан улам оор абалда эле. Ал эми Совет бийлигинин аскердик коммунизм, жеке менчикти жоюу, нанды реквизициялоо, кулакка тартуу, контрреволюциялык элемент катары мурдагы бийликтин өкүлдөрүн кууугунтуктоо, динге каршы күрөш ж.б. саясаты Кыргызстандын түндүгүндө айрым чөйрөлөрдүн нааразычылыгын жараткан. Натыйжада Совет бийлигине каршы чыккан социалдык катмарлар контрреволюциялык күчкө айланган. Атуулдук согуш мезгилинде Кыргызстанда саясий, социалдык-экономикалык, аймактык өзгөчөлүктөрүнө жараша түндүк аймактарында контрреволюциялык козголоңдор, ал эми түштүк аймактарында басмачылык кыймылы келип чыккан. Кыргызстандын түндүгүндөгү Совет бийлигине каршы контрреволюциялык козголоңдор 1918-жылдан 1920-жылга чейинки мезгилди камтыйт. Кыргызстандын түндүгүндө Совет бийлигине каршы козголоң эң биринчи 1918- viжылы Дмитриевка (Талас) кыштагында, ошол эле жылы Беловодскто (Ак-Суу), андан кийин 1919-жылы Түптө, 1920-жылы Нарында башталган.Магистрдик иште Кыргызстандын түндүгүндөгү Совет бийлигине каршы контрреволюциялык козголоңдор жана саясий, социалдык-экономикалык себептери, жүрүшү, жыйынтыктары каралды. Теманы изилдөөдө негизги тарыхый булак катары архивдик булактар, эскерүүлөр ошондой эле илимий эмгектер колдонулду.Негизги сөздөр: Кыргызстан, Совет бийлиги, козголоңдор, Дмитриевка (Талас), Беловодск (Ак-Суу), Нарын, Түп, Ак гвардия, Кызыл Армия. Kırgızistan'da Sovyet hükümeti kurulduktan sonra eski sistem kaldırılmış ve ilçe komiteleri, Duma, Güvenlik Komisyonu ve başka makamlar dağıtılmıştır. Zaten Sovyet yönetimine kadarki Kırgızistan'ın siyasi, sosyal ve ekonomik durumu XX. yüzyılın başındaki olaylardan dolayı çok zor durumda idi. Sovyet hükümeti yerleştikten sonra da Kırgızistan'ın durumu pek değişmemiştir. Bolşeviklerin yürüttüğü özel mülkiyeti kaldırmak, eski hükümet temsilcilerine, kulaklara (zengin çiftçiler) karşı siyasi zülüm, dine karşı mücadele, askerî komünizm gibi siyaseti toplumun bazı alanlarında memnuniyetsizliği ortaya çıkartmıştır ve neticede Kırgızistan'da İç Savaşın başlamasına neden olmuştur. İç Savaş sırasında Kırgızistan'ın siyasi, sosyal-ekonomik ve bölgesel özelliklerine göre kuzeyde Sovyet karşıtı ayaklanmalar ve güneyde basmacılık hareketleri meydana gelmiştir. Sovyet yönetimine karşı ayaklanmalar Kırgızistan'ın kuzeyinde 1918'den 1920'ye kadar devam etmiştir. İlk ayaklanma 1918'de Dmitriyevka'da, aynı yılda Belovodsk'ta, ardından 1919'da Tüp'te, 1920'de Narın'da ortaya çıkmıştır.Yüksek lisans çalışmasında Kırgızistan'ın kuzeyindeki Sovyet yönetimine karşı ayaklanmaların siyasî, sosyal- ekonomik boyutları, gelişmeleri ve sonuçları ele alındı. viiiAraştırma arşıv belgelerine, İç Savaş'a katılan tanıkların hatıralarına ve bilimsel eserlere dayanmaktadır.Anahtar kelimeler: Kırgızistan, Sovyet hükümeti, Ayaklanmalar, Dmitriyevka (Talas), Belovodsk (Ak-Su), Tüp, Narın, Ak Gvardıya, Kızıl Ordu.
Collections